“Баластан” жайкы билим берүү лагери

“Баластан” интерактив журналынын жайкы билим берүү лагери. Лагерь 2016-жылы негизделген. Анда Бишкек шаарында “Вефа” соода борборунда уюштурулуп, “Баластан күнүмдүк лагери” деп аталган. Балдар каттоодон өтүп, жаш өзгөчөлүктөрүнө карата күндөргө бөлүнгөн. Лагерь 6 күн иштечү. Ал жерде саат 10.00 дөн 13.00 гө чейин балдарга баластан дүйнөсү, кызыктуу жомоктор, менталдык арифметика, логикалык оюндар , оригами, сүрөт тартуу деген сабактар өткөрүлүп, конокко балдар акындары , эстрада жылдыздары келип балдарга жомок окуп беришчү. Анын мөөнөтү 1 айга созулган жана жалпы катталгандардын саны 303, туруктуу келгендер 255, ал эми жалпы катышуучулардын саны 430ду түзгөн. Андан кийин ошол эле жылы жайкы билим берүү жана эс алуу лагери Ысык-Көлдүн жээгинде, Чоктал айылында өткөрүлгөн. Жалпы көлгө 2 топ барып, 25 бала эс алып келди. 2017-жылы, күнүмдүк лагерь уюштурулган жок, жайкы билим берүү лагери көлдө өтүп, 3 топ көлгө барып, жалпысы 50 бала эс алып келди.

Дареги

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 387, 1-кабат

Adress: Kyrgyz Republic, Bishkek, Frunze street 387, 1 floor

Байланыш 

Email: balastankg@gmail.com     Тел:  +996 (312) 680734
+996 (550) 772 605    

Phone number: +996 (312) 680734, +996 (550) 772 605     

Иштөө убактысы

Дүйшөмбү-жума,
9:00-18:00


Working hours:
Monday-Friday, 9:00-18:00